Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Doing Business рейтингинде мүлктү каттоо көрсөткүчү боюнча 7-орунда

Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 138 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын кызматкерлерин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Акылбек Жапаровдун айтымында, жарандардын мыйзамсыз курулган жеке турак жайларынын маселелерин чечүү, айыл чарба багытындагы жерлерди тактоо, мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын ишине катышуу боюнча бир топ чоң иштер турат.

Бул багытта маалыматтык жана геомаалыматтык технологияларды өнүктүрүү да мезгил талабы болуп саналат.

Министрликтер жана ведомстволор аралык «Автоматташтырылган каттоо системасы», «Бирдиктүү маалымат системасы», «Дарек реестри», «Даректик реестрдин геомаалыматтык системасы» сыяктуу маалыматтык системалар ишке киргизилди.

«Ийгиликтүү реформалардын натыйжасында Кыргызстан «Бизнести жүргүзүү» (Doing Business) эл аралык рейтингинде мүлктү каттоо көрсөткүчү боюнча дүйнөдөгү 190 өлкөнүн ичинен 7-орунда турат. Жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, геодезия жана картография системасын өркүндөтүү боюнча иштер улантылат деп ишенем», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM