Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерден Бажы кызматына карата даттануулар көп келет

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Фев 2022 | 373 | 0

Бизнес-акыйкатчы институтуна 2 жыл аралыгында ишкерлерден 200дөн ашык арыз түшкөн. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мүсүралиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Арыздардын эң көбү, тагыраагы, 61%ы Бишкек шаарынын ишкерлеринен түшкөн, андан кийин Чүй облусунан — 15%, Жалал-Абад облусунан – 10%, Ысык-Көл – 8%.

Мүсүралиевдин айтымында, мындай көрсөткүчтөр тан калыштуу эмес, себеби ишкерлердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Арыз даттануулар көбүнчө тейлөө, өнөр жай, соода жана тоо-кен өндүрүш тармактарынан келип түшөт.

«Жүргүзүлгөн анализге ылайык, ишкерлерден бир нече мамлекеттик органга көп даттануу келген. Атап айтканда, Бажы кызматына, Салык инспекциясына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана мүлк башкаруу фондуна», — деди Мүсүралиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM