Биз менен байланышыңыз

Анжиян облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 178 | 0

Бүгүн, 21-февралда Ош шаарына Өзбекстандан 10 миң түп павловния көчөтү алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анжияндын губернаторунун орун басары Азиз Максумов баштаган делегацияны Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев «Достук» өткөрмө бекетинен тосуп алды.

Көчөттөр Анжиян облусунан Ош шаарына белек катары жөнөтүлгөн.

Эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатын көздөгөн бул иштин алкагында делегаттар менен бирге Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, аксакалдар павловния көчөтүн отургузушту. Калган көчөттөр шаардын ар кайсы аймагына отургузулат.

Буга чейин мэрия быйыл 35 миң көчөт отургузууну пландап жатканын билдирген.

Павловния (Paulownia) тез өсүүчү дарактын түрүнө кирет. Ал жылына 1,5-2 метрден өсүп жүрүп отурат. Көмүр кычкыл газын башка дарактардан 10 эсе көп сиңирип алгандыктан, абасы булганган аймактарга отургузуу жакшы натыйжа берет. Жалбырагынын жазылыгы 30-50 сантиметр келип, элдик медицинада, фармацевтикада, парфюмерияда колдонулат, малга тоют кылса да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM