Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ош облустук сотунун мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.