Марал Радиосу

Ош прокуратурасы: Мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды

Ош облустук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз камакта кармоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош облустук сотунун мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам И.Б. аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган.

Аталган факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version