11-13-февралда информатика сабагы боюнча Info(1)Cup эл аралык онлайн-олимпиада өттү. Аталган олимпиадага 14 өлкөдөн 160тан ашык окуучу катышкан.
Кыргызстандын командасы 4 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин 2 окуучусу кирген. Ал эми бул олимпиадада 16 жашка чыккан же андан жогору жаштагы окуучулар катышкан.
Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар информатика боюнча алтын медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, олимпиада 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Негизги максаты компьютердик илимдерди жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында кесипкөй кызматташууну бекемдөө, талантуу жаштарды ачуу, ошондой эле маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.