Биз менен байланышыңыз

Мамытов жетектеген парламенттик делегация Вячеслав Володин менен жолугушту (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 384 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация бүгүн, 21-февралда Орусияга расмий иш сапары менен барды.

Анда Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация жолугушуу өткөрдү.

Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы  Валентина Матвиенко менен да жолугушат. Ошондой эле Мамлекеттик Думадагы Кыргызстандын көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.

Расмий делегациянын курамында Талант Мамытов — делегация башчысы, Улугбек Ормонов, Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Шарапаткан Мажитова, Чыңгыз Айдарбеков, Мирлан Самыйкожо жана Эльдар Сулаймановдор бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM