Connect with us

Кыргызстанда IV дивизиондо хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 21 Фев 2022 | 327 | 0

Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.

Ачылыш аземи 3-мартта саат 19:00дө шаардык муз аянтчасында болот. Мелдештер 3-9-март аралыгында өтөт. Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик белгилүү хоккейчи Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания өлкөлөрү боюнча вице-президенти Айваз Оморкановдор катышат.

Учурда Азиядан 5 курама команда — Кыргызстандын курама командасы жана Кувейт курама командасы (III дивизиондун квалификациялык турнирден келген), ал эми, Ирандын курама командасы, Сингапур курама командасы (биринчи жолу жана  Малайзия курама командасы (биринчи жолу катышууда) оюндарга катыша турганын тастыктады.

Чемпионат 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам жылдырылган.

IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө биринчилиги Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүүчү спорттук мелдеш.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM