Биз менен байланышыңыз

Эки фракция Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин сунуштады

Кыска кабар | 21 Фев 2022 | 880 | 0

Жогорку Кеңештин «Ишеним» жана «Бүтүн Кыргызстан» фракциялары Кыргызстандын Акыйкатчы кызматына Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматованын талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу ишенимдүү булактар «Марал» радиосуна билдирди.

Эки фракция тең тиешелүү чечимдерин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жөнөттү.

Ушул жумада аталган комитет Акыйкатчы кызматына фракциялар тарабынан сунушталган талапкерлерди угуп, аларды парламенттин жалпы жыйынына сунуштайт.

Эреже боюнча акыйкатчы кызматына талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүп, жалпы жыйында депутаттар добуш берүү менен тандап алат.

Мурдагы Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов 18-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Мыйзам боюнча бошогон орунга талапкер эки айдын ичинде бекитилиши керек болчу. Бирок парламенттин чакырылышы алмашып жатканына байланыштуу бул маселе кийинкиге жылдырылган.

Copyright © 2017 Maral FM