Connect with us

Бардык жарандарды медициналык камсыздандыруу алууга милдеттендирүү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Фев 2022 | 399 | 0

Азыркы тапта мамлекеттик ооруканаларды жеке менчикке өткөрүп берүүгө шарт жок. Мындай пикирин медицина тармагындагы эксперт Айбар Султангазиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кыргызстанда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу жеке менчик ооруканага (ар бир операция үчүн) төлөгөнгө мүмкүнчүлүк болушу керек. Азыр ал мүмкүнчүлүк жок.

«Бүгүнкү күндө ар бир жумуш берүүчү милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна 2% гана төлөйт. Дүйнөдөгү бир да мамлекетте мындай көрүнүш жок. Башка өлкөлөр эң аз дегенде 4% төлөшөт», — деди эксперт.

Бул маселени чечүү жолу катары эскперт медициналык салыкты көтөрүү зарылчылыгына токтолду.

Ошондой эле Султангазиев аскер, милиция, прокурор, сот кызматкерлери салык төлөбөгөндөрү туура эмес деп, алардын дарылоосу жарандардын эсебинен (айлыгынан) камсыз болуп жатканын сынга алды.

Кыргызстандын 1,5 миллион калкы миграцияда. Алар да Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна каражат төлөбөйт. Эксперт сөзсүз түрдө бул системаны өзгөртүп, бардык жарандарды  камсыздандыруу фондуна төлөөгө милдеттендирүү керек деп кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM