Connect with us

Министрлик: Медициналык ЖОЖдорду жабуу иштери башталды

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Фев 2022 | 3800 | 0

Өлкөдөгү медициналык билим берүү тармагы өзгөрүүлөргө муктаж. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал белгилегендей азыркы тапта медициналык окуу жайларды жабуу боюнча жигердүү иштер алып барыла  башталды.

«Саламаттыкты сактоо тармагынын адистерин даярдоо боюнча билим берүү системасында кыйла өзгөрүүлөр болушу керек. Болочок адистердин алдында чоң жоопкерчилик турат. Себеби ден соолук күн, саат, мүнөт сайын өзгөрө турган нерсе болуп жатат. Ошондуктан саламаттыкты сактоо системасы да ушуга ылайык өзгөрүп турушу зарыл», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, медициналык жогорку окуу жайларга лицензия Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ал эми «Клиникалык базалары тууралуу» №6 форма Саламаттык сактоо министрлигинен берилет.

Кыргызстанда учурда жалпысынан медициналык кызматкерлерди даярдаган 22 ЖОЖ бар. Анын ичинде бешөө мамлекеттик, калган 17си жеке менчик.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM