Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында «Достук – биздин күчүбүз!» аталышындагы мектептер аралык спорттук иш-чаралар болуп өттү. Бул иш-чара Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан демилгеленип, 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнүнө арналды.
Иш-чаранын максаты мектепте окуган ар улуттун өкүлдөрүн ынтымакка чакыруу жана окуучулар арасындагы кылмышты болтурбоо, өлкөнүн туруктуулугу үчүн укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.
«Достук – биздин күчүбүз!» аталышындагы иш-чаранын жыйынтыгында жеңген командарларга Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн белектери жана дипломдору тапшырылды.