Кыргызстандын Коргоо министрлиги кызматтык сапарларга авиабилеттерди сатып алуу боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматта тендердин баштапкы наркы 10 млн сом деп белгиленди. Арыздар 25-февралга чейин кабыл алынат.

Мындан тышкары учак билеттер 2022-жыл ичинде эл аралык үзгүлтүксүз каттамдар үчүн белгисиз мөөнөткө алынары көрсөтүлгөн.