19-февралдан 28-февралга чейин София шаарында (Болгария) бокс боюнча «Странжа Кубогу-2022» 73-эл аралык турнири өтүүдө. Бул тууралуу Эл аралык бокс уюму сайтына жазды.
Турнирге 36 өлкөдөн 450гө жакын мушкер келген. Алардын катарында Кыргызстандын 8 спортчусу да күч сынашууда.
Түркбай уулу Мирлан (48 кг)
Нуржигит Дүйшөбаев (51 кг)
Жеңишбек Белашаров (57 кг)
Эсенбек уулу Акылбек (60 кг)
Жантөрө Ташиев (63,5 кг)
Абдыжапар уулу Сыргак (71 кг)
Өмүрбек Маманов (75 кг)
Адылбек уулу Эркин (81 кг)
Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен калыс Бекзат Абдурашидов коштоп барган.
25 салмак категорияда (эркектер арасында 13, кыз-келиндер арасында 12) өтүп жаткан турнирдин байге фонду 200 миң долларды түзөт.