Биз менен байланышыңыз

Бээжин-2022: Кышкы Олимпиадада Норвегия I орунду ээледи

Кыска кабар , Спорт | 21 Фев 2022 | 525 | 0

Пекинде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында алтын медалдын да, жалпы байгелүү орундардын да эсеби боюнча Норвегия курама командасы I орунду ээледи.

Кышкы Олимпиада оюндары кечээ, 20-февралда аяктады.

Норвегия командасы 16 алтын, 8 күмүш, 13 коло, жалпы 37 медаль алды.

Ал эми II орунга 12 алтын, 10 күмүш, 5 коло медаль менен Германия командасы, III орунга 9 алтын, 4 күмүш, 2 коло менен Кытай командасы ээ болду.

Жалпы медалдардын саны боюнча I орунду 37 медаль топтогон Норвегия спортчулары, II орунду 32 медаль (6 алтын, 12 күмүш, 14 коло) топтогон Орусия командасы, III орунду 27 медаль топтогон Германия командасы алды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM