Биз менен байланышыңыз

20-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 296 | 0

Эртең 20-февралда күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болуп, түштүк чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -5…-10;

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 9…11 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM