Биз менен байланышыңыз

Караколдо медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борбору ачылды

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 383 | 0

Караколдо медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борбору ачылды. Бул тууралуу Америка элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 18-февралда Ысык-Көл облустук китепканасында Каракол Америка борборуна караштуу «Медиа сабаттуулук жана кибер коопсуздук боюнча маалымат борборунун» расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Ысык-Көл облусттук администрациясынын өкүлдөрү жана Каракол Америка борборунун окурмандары катышты.

Ошондой эле иш-чарада “Жаш адистер үчүн англис тили” программасынын катышуучулары аяктагандыгы тууралуу сертификат менен сыйланды.

Белгилей кетсек, эки программа тең АКШнын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоого алынган.

Буга элчилик мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жеткиликтүү болушу үчүн китепкананын эки бөлүмүн оңдоп-түзөө жана жаңы технологиялар менен камсыздоо иштерине 29 миң доллардан ашык каражат бөлгөн.

Мындан тышкары маданий программалар, англис тили боюнча сабактар, VR-программалоо, код жазуу жана катышуучуларга келечекте киреше алып келүүчү чеберчилик боюнча семинарлар өтүп турат.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM