Биз менен байланышыңыз

Минфин: Баткен облусунун инфратүзүмүн жакшыртууга 1,5 млрд сом бөлүндү

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 1399 | 0

2022-жылдын эсебинен Баткен облусунун инфраструктурасы үчүн 1,5 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн акчанын 55 млн 771 миң 600 сому 3450 орундуу 12 мектеп, 24 орундуу 1 бала бакча, 1 саламаттыкты сактоо мекемесин салууга жумшалат. Ал эми 8 млн сому 6 мектепти, 1 маданий мекемени оңдоого сарпталат.

Булардан тышкары 18 айылга таза суу киргизүү үчүн 7 млн сом, облустун ички-тышкы жолдорун салууга 600 млн сом, ирригация тармагын жакшыртууга 198 млн 200 миң сом, коргонуу жана укук коргоо органдарынын имараттарын оңдоого 92 млн 100 миң сом каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM