Биз менен байланышыңыз

26-февралда ишкер аялдардын ири бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 274 | 0

26-февралда ишкер аялдардын «BOSS WOMEN» эл аралык бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул бизнес-форум үч жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет. Катышуучулар жыл сайын көбөйүп баратканы айтылат маалыматта. Бул жолку иш-чарага жалпы 500 миң чамалуу адам катышары болжолдонууда.

Бизнес-форум ийгиликтүү ишкерлерден тажрыйба үйрөнүүнү, аялдардын бизнестеги ордун аныктоону, аялзатын өнүктүрүүгө салым кошууну, ишкерлердин катарын көбөйтүүнү, бизнестеги күчүн бириктирүүнү, ошондой эле башка өлкөлөр менен байланыш куруусуна шарт түзүүнү максат кылат.

Акыркы жылдары ишкерлик менен алектенген аялдардын саны кыйла арбыды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM