Биз менен байланышыңыз

«Жапайы Армандын» апасы кыргыз элинен кечирим сурады (видео)

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 1011 | 0

«Жапайы Арман» каймана аты бар казак кримтөбөлү Арман Жумагелдиевдин апасы уулунун жана өзүнүн атынан кыргыз элинен кечирим сурады. Анын кайрылуусун Армандын жубайы Айкөл Аликжанова Instagram баракчасына жарыялады.

«Ал кыргыздарды абдан жакшы көрөт, «жоокерчиликтүү, патриот, сулуу эл» деп дайыма айтып жүрөт. Мүмкүн Алла Таала бизди Кыргызстандан келин алып, кыргыздар менен кудалашуубузду чечкендир. Кыргыздын кызы Айкөл Аликжанова мага биринчи неберемди берди. Сиздерден кечирим сурайм. Биз жакын адамдарбыз жана достордонбуз. Кечирим сураганымды кабыл алып, мындан ары да жакшы мамиледе болобуз деп ишенем», — деди Жумагелдиевдин апасы.

Аликжанова бул пост көптөн бери даярдалып жатканын айтып, Армандын жеке өзү Кыргызстан элине жок дегенде аудио кайрылуу жазышын каалап жаткандарын билдирди.

«Бирок, тилекке каршы, ага аудио жана видео жаздыруучу аппараттарды колдонууга катуу тыюу салынган. Ал апасынын сөзүнө толук кошулат жана бул түшүнбөстүк жакшы жагына чечилерине ишенет. Анткени ал кыргыздарды түрк элдеринин (мусулмандардын) ичинен чыккан жоокер, эр жүрөк, эркиндикти сүйгөн эл катары чындап урматтайт, ал тургай суктанат. Анын үстүнө бул биздин аны менен баш кошконубузду жана кызыбыз Мариям Мадинанын төрөлгөнүн тастыктайт. Сураныч, биздин абалга түшүнүү менен мамиле кылып, кечирип, колдоо көрсөтүп коюңуздар», — деп жазган Аликжанова.

Эске салсак, Казакстанда январь айында болгон нааразылык акцияларында «Жапайы Арман» кыргызстандыктарды Алматы шаарындагы талап-тоноочулукка айыптап, акаарат келтирген видео жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM