Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы элчилик жарандарды кезек күтпөө үчүн сунуштарды берди

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 1124 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды «Сахарово» көп тармактуу миграция борборунда көпкө кезек күтүп калбоо үчүн бир катар сунуштарды берди.

Элчилик маалымдагандай, узун кезек боюнча Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардан буга чейин да арыз-даттануулар келген. Буга байланыштуу консул Алмаз Букалаев «Сахарово» көп тармактуу миграция борборуна барып, медициналык кароодон өтүү, манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу тартиби менен таанышып чыкты.

Айтылган борбор иш күндөрү саат 8:00дөн 20:00гө чейинки аралыкта 4-5 миң чет элдик жаранды тейлейт. Учурда алардын ичинен кайрылгандардын көпчүлүгү Кыргызстандан баргандар болууда.

Жагдайларды карап чыккан консул жарандарга борборго түшкү тыныгуудан кийин, тагыраагы, 13:30дан тарта барууну сунуштады. Бул учурда кезек күтүү 3 саатка чейин кыскарат.

Москва шаарына жана Москва облусуна жумушка орношуу үчүн келген кыргызстандыктарга кароодон өтүү үчүн жалпы медициналык борборлорго гана баруу эскертилди. Мындай адамдар үчүн 13 медициналык мекеме уюштурулган. Алардын дареги IMC сайтына жайгаштырылган.

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 3 айда бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүүнүн зарылчылыгы жок.

Манжа изин каттоо жана сүрөткө тартуу бир гана жолу жүргүзүлөт. Орусиянын аймагына кайра киргендер бул процедуралардан өтпөйт.

2021-жылдын 29-декабрына чейин Орусияга кирген кыргыз жарандары медициналык текшерүүдөн өтүү милдетинен толугу менен бошотулат. Ошол эле учурда каалоочулар манжа изин каттоодон өткөрүп, сүрөткө түшө алышат.

Ошондой эле 2021-жылдын 29-декабрына чейин кирген Кыргызстандын жарандары медициналык текшерүүдөн өтүүгө мажбурланган учурда арыз менен сотко кайрылуулары зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM