Биз менен байланышыңыз

Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтү отургузулат

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 195 | 0

Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн отургузуу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, коммуналдык жана социалдык мекемелердин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жакынкы күндөрү павловния көчөтү алынарын белгиледи. Аларды бир күндө отургузуу керек.

«Көчөттөр шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында алып келинет. Андыктан бул ишти массалык түрдө баштоо милдети коюлду», — деп кошумчалады башкармалык.

Буга чейин мэрия быйыл 35 миң көчөт отургузууну пландап жатканын билдирген.

Павловния (Paulownia) тез өсүүчү дарактын түрүнө кирет. Ал жылына 1,5-2 метрден өсүп жүрүп отурат. Көмүр кычкыл газын башка дарактардан 10 эсе көп сиңирип алгандыктан, абасы булганган аймактарга отургузуу жакшы натыйжа берет. Жалбырагынын жазылыгы 30-50 сантиметр келип, элдик медицинада, фармацевтикада, парфюмерияда колдонулат, малга тоют кылса да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM