Биз менен байланышыңыз

Көзү ооругандар эми жеңилдетилген жардам ала алышат

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 659 | 0

Көзү ооруган жарандар мындан ары Кыргызстандан эле жогорку медициналык жардам ала алышат. Бул тууралуу кечээ Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Кудрет көз» клиникасына барган учурда белгилүү болду.

Жыйында белгилүү болгондой, көз клиникасында акциялар байма-бай өткөрүлүп, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө диагностика бекер жүргүзүлүп, хирургиялык кызмат алууда, операция жасатууда жеңилдик берилет.

«Сиздердин клиникаңыздар Түркиядагы эң мыкты клиникалардын бири болуп саналарын билебиз. Ошондуктан көз оорусу менен жабыркаган жарандарыбыз да чет өлкөгө чыкпастан жогорку квалификациялуу жардам алуудан пайда табышат, анткени ал жакка барып-келүү да кошумча каржылык чыгымды талап кылат. Узак мөөнөттүү кызматташуубузга үмүттөнөм», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуу боюнча макулдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM