Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 1816 адам коронавирустан дарыланып жатат

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 198 | 0

Кыргызстанда 1816 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Алардын ичинен 1543 бейтап үйүндө, 273 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Бейтаптардын 34үнүн абалы өтө оор, 131инин абалы оор, 107синин абалы орто, бирөөнүн абалы жеңил экени айтылды.

Ошол эле учурда акыркы суткага карата өлкө боюнча 165 адам: Бишкек шаарында 110, Ош облусунда 9, Чүй облусунда 20, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 16, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 2 адам илдеттен сакайып чыккан.

Пандемия башталгандан бери 193 миң 957 адам коронавирустан айыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM