Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустан 32 жаңы учур катталып, 3 адам каза болду

Кыска кабар | 19 Фев 2022 | 284 | 0

19-февралга карата 32 адамдан коронавирус илдети аныкталып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 23 адам, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 6 адамдан коронавирус аныкталган.

Ал эми Бишкекте эки, Ысык-Көл облусунда бир адам каза болгон. Бейтаптар эмдөөдөн өткөн эмес.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 287 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 957 киши айыгып чыкса, 2 миң 942 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM