Биз менен байланышыңыз

Жеткинчектердин кыргыз тилин билбей калуусуна интернет таасир этеби?

Коом | 18 Фев 2022 | 827 | 0

Дүйнөдө интернеттин өнүгүшү менен элдин жашоосу бир топ жеңилдеди. Ошол эле учурда зыянын да тийгизүүдө. Айталы, тилчилер Кыргызстандагы жеткинчектердин көпчүлүгү телефон аркылуу башка тилдерди үйрөнүп, бөтөн элдин идеологиясына оой баштаганына тынчсызданышат. Бул маселенин алдын алуу үчүн мамлекет же ата-эне тараптан кандай чара көрүлүшү керек? Өсүп келаткан муундун эне тилин «унутуп» калышына дагы кандай факторлор таасирин тийгизүүдө? Бул жаатта кыргыз тилине күйгөн адистердин пикирин тыңдадык. 

Баткен шаарындагы «Тамга» мектебинин директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары Санжар Абдинаби уулу көп жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап, окуучулар менен иштешип келет. Ал чөйрөсүндө орус тилдүү балдар жок болсо да, алардын тилин телефондон үйрөнүп, орусча ой жүгүртүп калгандар көп экенин айтат. Ал балдардын эне тилин экинчи тил катары кабыл алып калышынан чочулайт.

«Ал бала сүйлөп жаткан тили орустун тили экенин деле аңдабайт. Бул көрүнүштүн жакшы да, жаман да жагы да бар. Жакшы жагы: тил үйрөнүп жатат. Ал эми терс жагы: «тили эне тилинде эмес, башка тилде тили чыгып, ошол тилди күнүмдүк турмушундагы негизги курал катары пайдаланып калбайбы?» деп чочуйм. Президенттин алдындагы тил комиссиясы «мамлекеттик тилди өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз» десе, ушул сыяктуу көйгөйлөрдү да эске алышы зарыл. Себеби «алардын тили ошол тилде чыгып, аны эне тили катары өздөштүрүп алса, өз тили экинчи тил катары кабыл алынып калбайбы?» деген ой жаралат».

Жогорку кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков да парламенттин жыйынында мамлекеттик тил маселесин көтөргөн. Ал балдардын эне тилинде сүйлөшүн калыптандыруу үчүн «Баластан» телеканалындагы берүүлөрдү толук кыргыз тилине өткөрүү керектигин сунуштады.

«Менин кыздарым казактардын «Балапан» аттуу телеканалын көрүп отуруп, казакча сүйлөй башташты. Эмне себептен дегенде, бул телеканал 24 саат бою казак тилиндеги мультфильмдерди көрсөтөт экен. Англис, орус, башка тилдердеги мультфильмдерди интернеттен тапса болот. Ал эми биздин «Баластан» телеканалындагы мультфильмдердин жарымынан көбү расмий тилде көрсөтүлүп жатат. Ушуну толук кыргыз тилине өткөрүү керек. Бирок бул оңой эмес. Тилди зордоп, административдик ыкма менен үйрөтө албайсың. Тилди таалим-тарбия, идеология менен үйрөтүү зарыл. Өкмөт буга атайын акча бөлүп, котормолорго көңүл бурушу керек. Ушул маселенин үстүндө иштейли».

Быйыл «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» концепциясы бекитилсе, кыргыз тилин өнүктүрүүгө, барктоого, урматтоого өзгөчө көңүл бурулары буга чейин айтылган.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев кыргыз тилин өнүктүрүүгө акча бөлүнгөнүн, бирок тапшырмалар аткарылбай жатканын «Маралга» айтып берди.

«Азыркы тапта эң башкы максат жаш балдар үчүн кыргыздын менталитетине, үрп-адатына, салтына, психологиясына туура келген мультфильмдерди тартуу болуп турат. Акча жетиштүү бөлүндү, бирок бул ишти жасай тургандар жокко эсе болууда. Биз 2021-жылы мультфильмдерди тарта турган ЭЛТР, КТРК, «Кыргызфильм» студияларына «тарбиялуу анимациялык фильмдерди тартсын» деген тапшырма бердик. Акчаны мамлекет берди, бирок тапшырманы аткарбай жатышат. Кыргызстанды улуттук мамлекет катары сактап калуу бир гана тил аркылуу болот».

Биз бул жаатта психолог Венера Урманбетованы кепке тартканыбызда, ал баланын көп тил билгенин жетишкендик катары баалай турганын билдирди. Ошол эле учурда бала мектепте же чөйрөдө башка тилде пикир алмашса, анда ата-энеси үйдө сөзсүз эне тилинде сүйлөшү керектигин айтты. Анткени жетиле элек жаш баланын бир убакта бир нече тилди үйрөнүү мүмкүнчүлүгү кеңири болот.

«Мен кыргызмын. Бирок үй-бүлөмдө көбүнчө орус тилинде сүйлөшөбүз. Бизге кошулуп, кичинекей балдарыбыз да орусча сүйлөп, кыргыз тилинде сүйлөгөндөн кыйналып калышат. Баланын башка тилде сүйлөшү — телевизор же телефондон эмес, ата-эненин берген тарбиясынан көз каранды. Эгер бала өзбек, орус, англис ж.б. тилдерди үйрөнүүнү кааласа, үйрөнө берсин. Бул — жакшы умтулуу. Баланын дүйнө таанымы да кеңейет. Кыргыз тилин да унутуп калбайт. Эгер ата-энеси үйүндө кыргыз тилинде таза сүйлөсө, анда баласы да кыргыз тилинде сүйлөйт. Бала башка тилдерди билсе, бөтөн жерге барса да, алар менен сүйлөшүп кете алат. Учурда ата-энелердин көбү жумуш, күнүмдүк тиричилик деп жүрүп, балдарына жетиштүү убакыт бөлбөй жатышат. Бала менен үйдө аз сүйлөшүп, аз көңүл бурсаңыздар, сырттан туура эмес маалымат алышып, кийин ата-энелерге көйгөй жаратышы мүмкүн. Кыскасы балдарыңыздар эне тилинде жакшы сүйлөгөнүн кааласаңыздар, ата-энелер өзүңүздөр кыргыз тилинде сүйлөңүздөр».

Адистер улуттун баалуулугун сактап калуу бир гана тил аркылуу болорун айтып келишет. Андыктан баланын тилин адегенде эне тилинде так чыгарып, андайын гана башка тилдерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү сунушташат.

Copyright © 2017 Maral FM