Биз менен байланышыңыз

Автоунаалардын айнегин караңгылатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 192 | 0

Автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүү жана анын баасын аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул багытта жазылган мыйзам долбоор 9-февралда Жогорку Кеңеште каралган. Анда эл ташуучу, жүк ташуучу автоунааларга жана такси унааларына каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбеси белгиленген.

Экономика министрлиги айнекти караңгылатуунун баасы мыйзам кабыл алынган соң, аныктала турганын билдирди.

Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет, унаанын ээси алмашкан учурда уруксатты кайра жасатууга жол берилет, мындай учурда мөөнөт мурда берилген уруксаттын калган мөөнөтүнүн негизинде узартылат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда автоунаалардын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Учурда терезесин караңгылатып жүргөндөргө 5500 сом айып пул салынат. Акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалган.

Ошондой эле Carcheck электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу караңгылатууга уруксаттын бар-жогуна байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу сунушталууда, муну менен коомчулук тиешелүү маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн көрсөткөн уруксаттын бар экенин текшере алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM