Connect with us

Жалал-Абад: 1302 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 251 | 0

Жала-Абаддын Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы районундорунун жана Кара-Көл, Майлы-Суу, Жалал-Абад шаарларынын кооптуу делген жерлеринде 1302 үй-бүлө жашайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү бийлик менен ӨКМдин аймактык башкармалыгы мындай жерлерде жашаган 250 үй-бүлөгө көчүп кетүү боюнча эскертүү-нускамаларды таратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жыл башында ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Абдулнасыр Закиров райондордун акимдерине, шаарлардын мэрлерине тургундарды коопсуз аймактарга чыгарып кетүү талабын койгон болчу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM