Биз менен байланышыңыз

Семетей Талас уулун үйүнөн кармап кеткени сынга кабылды

Саясат | 18 Фев 2022 | 574 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери 18-февралда жарандык активист, журналист Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишти. Түштөн кийин анын УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп экени белгилүү болду. Учурда экспертизалык иштер жүрүп жатат. Серепчилер бул окуяны активистти коркутуу, кысым катары баалашууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн, 18-февралда күч органдары Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн жана тогуз диний китебин алып кетишкен. Ал учурда үйүндө кайненеси жана балдары гана болгон. Аны кайсы орган кайда алып кеткенин билбей калганын кайненеси айтып берди:

Ал ортодо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш менен кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды жайылтуу) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Семетей Талас уулу УКМКга жеткирилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Түштөн кийин жарандык активисттер жана журналисттер Талас уулунун бошотулушун талап кылып, УКМКнын имаратынын алдына чогулушту. Бирок акция башталар алдында журналист чыгып, УКМКда күбө катары сурак бергенин, эч бир ишке шектелбегенин айтты.

«Мен шектүү катары чакырылган жокмун. Үйүмөн алып кеткен диний китептерде Муфтияттын мөөрү басылган болчу. Ошондуктан алардан эч кандай корккон жокмун. Күбө катары дешкенинен жактоочу алган жокмун. Баары мыйзамдуу болду. Мен саясатчынын жаманын да, жакшысын да жазып жатам. Туура эмес кылса жазуу керек. Жакшы иш кылып жатса, аны да жазып жатам. Эми экспертиза чыкса, кайра келем. «Баары жайында экен» деген сөз айтышарына үмүтүм чоң. Мурда пост жазганда деле келишчү. Анда ачык эле «күчөп жазып жатасыз» деп айтышчу. Мен чыккандан кийин да сындай берем».

Журналист Семетей Аманбеков журналистти күбө катары күч менен алып кеткени сөз эркиндигине болгон коркунучту пайда кыла турганын белгиледи.

«Бул окуяда эки нерсени белгилөө керек. Биринчиден, күч органдары качан эле күбөнүн үйүнө тинтүү кылып, анан колун кайрып алып кетчү эле. Мурда чакыруу берилип, бирок барбай койсо гана күч колдонуп алып кетчү. Ушундай мыйзамдын талабын аткарбай, күч менен алып кеткени коркунучту пайда кылат. Негизи эле бул окуялардан «сөз эркиндигине жана эркин журналисттерге коркунуч болбойбу?» деген суроо жаралып жатат. Баары мыйзам чегинде болушу керек, сөз эркиндигине басым болбосун. Биз, журналисттер, эч кандай саясий баа жана позицияларды мындай жерден бере албайбыз. Биздин талап: сөз эркиндиги жана мыйзамды сактоо».

Ошондой эле ал өлкөдөгү чоң көйгөйлөрдү көтөрүүдө көз карандысыз журналисттер бийликтин биринчи жардамчысы экенин кошумчалады.

Семетей Талас уулу «Фейсбукта» өз оюн ачык айтып, көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, криминалдык чөйрө боюнча ЖМКларга пикир билдирип, бийликти сындап турган.

Ушул айдын башында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын активдүү мүчөсү Мирлан Ураимов Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) менен камалган. Тагыраагы, «социалдык тармактарда чагымчыл материал тараткан» деген шек менен айыпталууда. Анда да УКМК кызматкерлери түндөсү үйүнө барып, бала-чакасын коркутуп кармап кеткени сынга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM