Биз менен байланышыңыз

Салык кызматынын жана «Альфа Телекомдун» кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 282 | 0

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында көп санда алкоголдук продукцияларга акциздик маркалар мыйзамсыз даярдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигине караштуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте К.Ж.Э. аттуу жарандын жашаган жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлдү. Анда 469 даана маркалоо коддору (QR коддору), 8 миң сапаты күмөн жараткан алкоголдук продукциянын акциздик маркалары, ошондой эле аларды бузууга жана өзгөртүүгө арналган буюмдар алынган.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан К.Ж.Э. аттуу жаранга жана башка адамдарга, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдарына, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоонун улуттук операторунун жооптуу адамдарына жана айрым алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөргө карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан K.Ж.Э. кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери улантылууда

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM