Биз менен байланышыңыз

Мигранттар негизги үч маселени жеңилдетип берүүнү суранышууда

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Фев 2022 | 668 | 0

«Замандаш» ассоциациясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Майрамбек Жапанов «Маралдын» эфиринде Орусиядагы кыргызстандыктарга бир нече жеңилдиктер берилиши керектигин баса белгиледи.

Биринчиден, медициналык кароодон өтүүнү бир гана Сахарово шаарында эмес, башка бир нече медициналык үй-бүлөлүк борборлорго да аккредитация берип, бөлүштүрүп койсо жеңилирээк болот. Экинчиден, «30 күндүн ичинде бүтүрүү зарыл» деген талапты 90 күнгө узартуу керек. Мындан сырткары 6 жашар балага чоң кезектерде туруу оорчулук жаратат, аларды тизмеден алып салуу зарыл.

Жогоруда аталган 3 жеңилдик берилсе, мекендештерибиз Орусиянын мыйзамын сыйлап, чектен чыкпастан иштөөгө даяр экенин кошумчалады Жапанов.

«Эгерде Орусия мыйзамдарын катаалдаштыра берсе, мигранттардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө түрткү болот. Бул жерде эки нерсе болуп жатат: же өлкөдөн чыгып кетүү керек, же Орусиянын жарандыгын алып иштөө керек», — деди Жапанов.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын миграция боюнча жаңы кабыл алынган мыйзамдары «Орусиянын жарандарына да тиешелүү» деп айтылган. Бирок Майрамбек Жапанов бул маалыматты четке какты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM