Биз менен байланышыңыз

Алдамчылыкка шектелип, 11 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 18 Фев 2022 | 203 | 0

Алдамчылыкка шектелип, 11 жылдан бери издөөдө жүргөн пенсионер кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын 13-майында К.Ж. аттуу жаран чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Шектүү 2011-жылдын 4-майында арыз ээсинин 160 миң сомун «үч эсе көбөйтүп берем» деп алдап алып, андан кийин дайынсыз жоголгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү 1954-жылы туулган С.С. 2011-жылдын 11-июнунан бери идөөдө жүргөн. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ошондой эле бул жарандын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болорун ИИМ эмкертет:

«102» кызматы;

0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494;

0 (990) 102-362, 0 ( 704) 237 -309;

0(700) 683-774, 0(700) 683-774;

0(551) 818-733

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM