Биз менен байланышыңыз

17 медициналык окуу жай арасат абалда

Билим-маданият , Коом | 17 Фев 2022 | 3574 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйын өткөрдү. Андан белгилүү болгондой, министрлик доктор Исманкулов ижарага алган Бишкектеги №6 ооруканага караштуу имаратты мамлекетке кайтарууну пландап жатат. Мындан тышкары мекеме мурдагы жылы саламаттыкты сактоо тармагында бир топ реформа жүргүзүлгөнүн айтууда. Ошондой эле быйылкы жылы талапка жооп бербеген айрым медициналык окуу жайларды жабуу каралууда.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев медицина тармагында жүргүзүлгөн реформаларга токтолду.

«2021-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бир топ жетишкендиктерге ээ болду. Калктын медициналык жардамга болгон муктаждыгын камсыздап келебиз. Өткөн жылы медицина тармагына бир канча реформа жасадык. Жылдын башынан эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору менен ооруканаларды, тиш дарылоо мекемелерин бириктирип, бир мекемеге айландырдык. Мындан сырткары жалпы дарыгерлик-практикалык борборлорду уюштурдук. Камсыздандыруу полисин алгандар мындан ары «Мамлекеттик кепилдик» программасынын негизинде акысыз жардам алышат».

Министрдин орун басары Бакыт Жангазиев жаңыдан иштелип чыккан маалыматтык система тууралуу айтып берди.

«Кыргызстанда 2021-жылы саламаттыкты сактоону санариптештирүүнүн баштапкы негиздери түптөлгөн. Ар бир жарандын ден соолугу боюнча маалыматтарды чогулта турган Digital Health Profile маалымат системасы иштелип чыккан. Системада камсыздандыруу жөнүндө, дарыгерге кайрылуунун себептери, ооруканага жаткыруу себептери, лабораториялык анализдер, эмдөө тууралуу маалыматтар бар. Бул системанын жардамы менен медициналык маалымкаттарды алуу процесси автоматташтырылат. Өткөн жылы 90 миңге жакын ушундай сертификаттар берилген. Бул система жолдо жүрүүдө эле 36 саатты жана 30 млн сомду үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени бул сертификаттар таптакыр бекер болот».

Саламаттыкты сактоо тармагына 6 млн 600 миң адам катталган. Алардын 4 млн 700 миңи камсыздандыруу полисин алган. Андай калктын катмары «Мамлекеттик кепилдик» программасынын негизинде акысыз медициналык жардам алууга укугу бар.

Ал эми министрдин орун басары Рахматуллаев айрым медициналык ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапаты талапка жооп бербей турганын айтты.

«Эл арасында медициналык ЖОЖдорду аяктаган дарыгерлерди сындагандар көбөйүүдө. Жаш медицина кызматкерлерининин ишине нааразы болгондор бар. Медицина кызматкерлерине билим берүүнүн сапаты талапка жооп бере албай жатат. ЖОЖдордун ишин кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Медициналык жардам көрсөтүүдө көп нерсе медкызматкердин билим деңгээлинен көз каранды. Мен жеке ЖОЖдорго да бардым, алардын айрымдарынын билим берүү деңгээли төмөн экенин көрдүм. Мындай окуу жайларды бүтүргөн адистер кийин кантип өз ишине так боло алат? Менин жеке пикиримде, буга окшогон окуу жайлардын ишин токтотуу керек».

Министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова мамлекеттеги медициналык билим берүү мекемелердин жабылышына карата текшерүүлөрдү Саламаттык сактоо жана Билим берүү жана илим министрликтери жүргүзүп жатканын билдирди.

«Медициналык окуу жайлардын жабылышы боюнча мамлекеттик эмес, жеке менчик окуу жайлары тууралуу сөз болуп жатат. Биз жогорку билимдүү, өз ишин мыкты билген медициналык кызматкерлерге муктажбыз. Бул окуу жайларды дароо эле жаап салуу деген жок. Эки министрликтин ортосунда атайын жумушчу топ түзүлдү. Бир топ иш-чаралар өткөрүлөт. Талапка жооп бербеген 17 жеке менчик ЖОЖду текшерүү жүрүп жатат. Түзүлгөн жумушчу топ алардын окуу базасын да карап чыгат. Эгерде алардын клиникалык базалары туура келип, формага, коюлган талаптарга жооп берсе, анда жабылбайт. Ошондой эле алар Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген эскертүүлөрдү эске алып, аларды жоюшу керек. Эгер текшерүүнүн жыйынтыгында баары тескерисинче болуп калса, талаптарга жооп бербесе, анда алардын лицензиясы жана «Форма-06сын» алып коёбуз. Жыйынтыгында алар жабылууга дуушар болот».

Эки жыл мурун Пакистан Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын баарын «кара тизмеге» киргизген. Буга Кыргызстанда окуп кеткен пакистандыктардын дипломдорунун өз өлкөсүндө таанылбай жатканы себеп болгон. Ошондой эле алардын 90%ы Пакистан медициналык кеңешинин милдеттүү сынагынан өтө албай жатышканы айтылган.

Кыргызстанда учурда жалпысынан медициналык кызматкерлерди даярдаган 22 ЖОЖ бар. Анын ичинде 5 мамлекеттик, калган 17си жеке менчик.

Кыргызстанда медициналык окуу жайларды иретке келтирүү маселеси көптөн бери көтөрүлүп келген. Саламаттыкты сактоо министрлиги бул реформаны аягына чыгарууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүнкү күндө жалпысынан 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 61 жалпы дарыгерлик-практикалык борбор, 684 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана миңден ашык фельдшердик-акушердик пункт бар.

Copyright © 2017 Maral FM