Дүйнө жүзүндө байланыш операторлорунун арзандыгы боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат. Бул — жакшы көрүнүш. Мындай пикирин IFCнин укуктук консультанты, талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.
Ал Кыргызстандын ички рыногунда байланыш операторлорунун кызматынын арзан болушу жакшы деп эсептейт.
Мындан сырткары ал ички рыногубузда IT-тармагы жакшы өнүгүп келе жатканын айтып, санариптештирүү жаатына да жетиштүү көңүл бурула баштаганын кошумчалады.
Азыркы тапта электрондук соода паркы ачылып, иштөө алдында турат. Бул да мамлекетке чоң пайда алып келет.
Турдубеков белгилегендей, алдыда байланыш жана санариптештирүүнүн сапатын жакшыртсак, дүйнө өлкөлөрү менен атаандыштыкка туруштук бере алабыз.