Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандагы байланыш операторлору — монополисттер»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2022 | 394 | 0

Кыргызстандагы байланыш операторлорунун рыногу монополия болуп саналат. Бул тууралуу IFCнин укуктук кеңешчиси, талдоочу Улукбек Турдубеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, байланыш операторлорунун 5%ды түзгөн өздүк кошумча салыгы бар.  «Мегаком» байланыш оператору мамлекеттик, калгандары чет элдик операторлор болуп саналат.

Турдубеков бизде башка да байланыш операторлору жоктугунун себебин түшүндүрдү. Кыргызстан — ички рыногу абдан чакан, калкы аз мамлекет. Өлкөдө 6 миллион эл болсо, анын да 1,5 миллиону миграцияда.

Башка операторлор келбегенин дагы бир себеби Бишкекте байланыш жакшы өнүккөнү менен аймактарда оптикалык зымдар жетиштүү уланбагандыктан кээ бир жерлерде телефон начар тартат.

Ал линиялар «Телеком», «Элкат» операторлоруна карайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM