Биз менен байланышыңыз

«Руханий, адеп-ахлактык өнүгүү концепциясы — учурдун талабы»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Фев 2022 | 725 | 0

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-январында «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. 2021-жылдын июлунда мунун негизинде жазылган концепция бекитилген.

Кечээ, 16-февралда «2021-2026-жылдарга карата инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепцияны ишке ашыруу планы талкууланды.

Теолог, дин маселелери боюнча эксперт Улан Усупов «Маралдын» эфиринде концепция үч негизги багытта иш алып барарын билдирди. Алар: руханий жактан, физикалык жактан жана интеллектуалдык жактан өнүгүү. Анын айтымында, ушул үч багытты бирдей камтыган учурда адамдын өсүп-өнүгүүсү толук кандуу болот.

Экперт аталган концепцияны ишке ашыруу аркылуу кыргыз улуу маданиятына, адеп-ахлагына, дүйнө таанымына, адамдык касиеттерине, сапаттарына, мүнөзүнө кайтып келиши керек деп эсептейт.

Теологдун айтымында, азыркы тапта кыргыз эли руханий деградацияга учурап, кризиске кептелген мезгилде жашап жатабыз. Буга байланыштуу кабыл алынган концепция учурдун талабы, ал аркылуу адамдын адеп-ахлагына сөзсүз түрдө басым жасалышы абзел.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM