Биз менен байланышыңыз

Быйыл окуучулар өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Фев 2022 | 395 | 0

Быйыл өлкөнүн мамлекеттик мектептеринде окуучуларга өз алдынча билим алуусуна шарт түзүлөт. Бул тууралуу Хан академиясынын Кыргыз пилоттук программасынын менеджери Таңсулуу Кудайбердиева «Маралдын» эфиринде кабарлады.

Анын айтымында, төртүнчү чейректен тарта мамлекеттик мектептерге жаңы долбоор киргизиле баштайт.

«Долбоордун ачылышында жаңы ыкманы 11 мектепке киргизүү убадасын бергенбиз. «Сейтек» мектебине киргиздик, эми акырындык менен башка мектептерге да киргизе баштайбыз. Ошентип, бул керектүү программаны Кыргызстанга жайылтабыз деген планыбыз бар», — деди Кудайбердиева.

Менеджер долбоорду киргизгенде окуучулар интернеттин, уюлдук телефондун жетишсиздигине дуушар болорун кошумчалады. Себеби өлкөнүн кээ бир райондорунда интернет жакшы тартпайт, ошондой эле айыл аймактарда көп балалуу ата-энелердин ар бир баласына телефон алып берүүсү кыйынчылык жаратат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM