Биз менен байланышыңыз

Кайра шайлоо: Депутаттыкка талапкерге оозеки эскертүү берилди

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 459 | 0

Бир мандаттуу Свердлов шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Нурланбек Маматкулов БШКдан оозеки эскертүү алды.

Белгилей кетсек, анын үгүт материалы мектепке 20 метр жакын жерге илинип калган. Мыйзам боюнча үгүт көрнөктөр билим берүү мекемелеринен жана сыйынуу жайларынан 100 метр ары турушу керек.

№27 Биринчи Май округунан жалпысынан 36 адам (эркектер – 33, аялдар – 3) арыз берип, анын 27си талапкер катары катталган. №29 Свердлов округунан 36 адам (эркектер – 25, аялдар – 11) арыз берип, алардын 25и талапкер катары катталган.

Үгүт иштери 7-февралда башталган, 26-февралда саат 8:00дө аяктайт. Кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM