Биз менен байланышыңыз

Жапаров: «Асман» шаары буга чейин кыял болсо, азыр реалдуу

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 938 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында Ысык-Көл облусуна курулуусу пландалып жаткан «Асман» шаары тууралуу да айтты.

Акылбек Жапаровдун айтымында, «Асман» шаары буга чейин жөн гана кыял болсо, азыр реалдуу аракеттерге кадам ташталды. «Асман шаарын куруу боюнча геодезисттик изилдөөлөр, генпланды иштеп чыгуу иштери башталды. Генпланды иштеп чыгууда бардык экологиялык коопсуздук эске алынат», — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле буга чейин «коррупция» беренеси менен иш козголгон ишкер Тимур Файзиевдин «Асман» шаарынын долбооруна жетекчи болгону тууралуу да өз пикирин билдирди.

«Кылмыш иши боюнча айтсам, эгер шектүү адам коомго коркунуч жаратса, анда ал камакка алынып, тергөө иштери жүрүшү керек. Коомго олуттуу зыяны тийбеген иш менен тергелип жатса, анда көйгөй жаратуунун кереги жок. Тимур Файзиев — өтө идеяга бай жигит. Аталган шаарды курууга анын билими, дарамети жетет деп эсептейм. Биз анын ишкердиктеги ийгиликтерин буга чейин да көрүп жүргөнбүз. Мына ошол дараметин өлкө үчүн да колдонолу деп, ага сунуш киргиздик, ал да макул болду», — деп кошумчалады.

Жапаров белгилегендей, учурда ишкер Тимур Файзиев жаңы шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгуу ж.б иштерине өз чөнтөгүнөн миллион доллар инвестиция салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM