Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчөт

Кыска кабар | 15 Фев 2022 | 260 | 0

Бүгүн, 15-февралда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде муздак суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Таксомоторный» суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштери жүрөт.

«Эртең Элебесов жана Медеров көчөсүндөгү «Золотой дракон» ресторанында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү оор атлетика боюнча спорттук мектебинде, Медеров көчөсүндөгү «Таксомотор» жайында, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү администрциялык мекемеде суу жок болот», — деп айтылат билдирүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM