Биз менен байланышыңыз

Алыкул Осмоновдун үй-музейи оңдоого муктаж

Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 688 | 0

Кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун Бишкектеги үй-музейин Маданият министрлигинин балансына алуу пландалууда. Бул тууралуу 12-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов үй-музейине барган учурда айтты.

«Алыкул үй- борбору» коомдук фондунун жетекчиси Памирбек Казыбаевдин маалыматына караганда, музейде акыркы жолу ремонт иштери 20 жыл мурун жасалган. 1941-жылы курулган. Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Жаш кезинен кыргыз поэзиясынын алпы катары таанылган Алыкул Осмоновдун үй- музейи оңдоого муктаж. Музейдин ичиндеги экспонттар талаптагыдай сакталбайт.

Министр Жаманкулов музейди сактап калуу аракетин көрө тургандыгын жана тиешелүү кадамдарды баштай турганын маалымдады.

Учурда Алыкул Осмоновдун үй-музейинде эки миңден ашык экспонат бар. Алардын арасында акындын жеке буюмдары, кол жазмалары жана колдонгон буюм-тайымдары да бар. Бөлмөлөр кышкысын жылытылбагандыктан,  шыбынан суу кирип, ным тарткан дубал кээ бир баалуу документтерге, сүрөттөргө, буюмдарга да зыянын тийгизе баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM