Ош – Баткен — Исфана жолу 2023-жылы толук пайдаланууга берилет. Бул тууралуу депутат Эмилбек Жусупов «Парламент» радиосуна билдирди.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, Япониянын JICA эл аралык кызматташтык агенттиги менен 2015 – жылдын 26 – октябрында кол коюлган келишим боюнча, Ош – Исфана жолунун курулушу 2018 – жылы башталган. 2023 – жылы толук пайдаланууга берилет.
«Ортодо иштин токтоп калышына пандемия кесепетин тийгизди. Эми ушул жылы токтогон иш кайра улантылат» , — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда Ош-Баткен-Исфана жолу стратегиялык маанидеги жолдордун бири болуп эсептелет. Ал бир гана жеңил унаалар эмес, коңшу өлкөлөргө жүк ташуу үчүн да пайдаланылат.
2017-жылы түркиялык компания жолду реконструкциялоону баштаган. Оңдоо иштерине Ислам өнүктүрүү банкы акча бөлгөн. Долбоордун баасы 20 миллион 449 миң 641 долларды түзөт.