Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан эки адам мерт кетти

Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 810 | 0

Ысык-Ата районунда жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында (Кең-Булуң айылы) «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 1970-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши жана 1970-жылы туулган К.Ж. аттуу аял киши каза болгон.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM