Биз менен байланышыңыз

Сваминатан: Коронавирустун жаңы штаммдары чыгышы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 708 | 0

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан коронавирус пандемиясы бүтө электигин айтып, алдыда жаңы штаммдардын пайда болушу мүмкүн экендигин эскертти. Бул тууралуу Reuters сайты маалымдады.

Сумия Сваминатан Түштүк Африкада өткөн брифингде: «Биз вирустун эволюциясын, мутацияланганын көрүп жатабыз. Ошондуктан биз коронавирустун жаңы штаммдары чыгарын эскертебиз.  Пандемия аягына чыга элек», — деди ДССУнун башкы илимий кызматкери.

Буга чейин ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны көбөйгөнүн билдирген. “Omicron” пайда болгондон бери дүйнө жүзү боюнча 90 миллионго жакын учур катталган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM