Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара аймагындагы жумуштар убактылуу токтотулду

Кыска кабар | 12 Фев 2022 | 749 | 0

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жүргүзүлүп жаткан жумуштар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашты.

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Максат жерлигинде кыргыз тарап чарбалык жумуштарын жүргүзө башташкан. Максат айылынын жанында иш жүрүп жаткан учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан.

Мындан тышкары, Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин башташкан.

Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, жолугушуу өткөрүү маселеси макулдашылды.

Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыты боюнча чек ара өкүлдөрү тараптардын жергиликтүү бийликтери менен макулдашуу боюнча чек аранын бул тилкесиндеги бардык иштерди токтотууга макулдашышты.

Чогулган жарандар тарап кетишкен.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM