Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Акылбек Жапаровдун өкмөтү узак мөөнөттүү иштейт

Кыска кабар | 11 Фев 2022 | 1197 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык алмашуу болору тууралуу айтылган маалыматтарды четке какты.

11-февралда тараткан билдирүүдө Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер кабинети узак мөөнөттүү болору айтылды.

«Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде, өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 млрд сомго чейин жеткирүү планын ишке ашыруу, бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар. Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн Министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары Министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин эскертилди.

Copyright © 2017 Maral FM