Биз менен байланышыңыз

«Чет элдик агент» мыйзамы кабыл алынса, мамлекет өзүн чектеп коёт»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2022 | 1381 | 0

Жогорку Кеңештин жыйында депутат Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишине нааразы пикирин билдирип, «бийлик бутактарына тынчтык бербей, мамлекеттин өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатат» деп сындады. Буга байланыштуу аларга «чет элдик агент» деген макам берүү керектигин сунуш кылып, жазылып, аягына чыкпай калган мыйзам долбоорун кайра кароого чакырды.

«Политклиника» басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова «Маралга» берген маегинде депутат козгогон мыйзамды депутаттар сөзмө-сөз Орусиядан көчүрүп алышканын айтып, бул ишти «плагиат» деп атады.

Аны менен катар мыйзамдын коркунучтуу жактарына токтолуп өттү. Анын пикиринде, Орусия чоң держава болгондуктан чет элдик гранттар жок болсо да, өз ишин уланта берет. Ал эми Кыргызстанды Орусия менен салыштыруу болбойт, себеби биздин өлкө гранттык жеңилдиктер менен гана жашап келет.

«Мамлекеттин күчү жетпеген маселелерди бейөкмөт уюмдар чечип жатат. Биздин бийлик өкүлдөрү ушуну аңдабай жатышат. Алар чет элдик уюмдардан грант алып иштеп келишкен, көз карандысыз медиаларды кысабыз деп, өзүбүздүн мамлекетибизди кысып коюшубуз мүмкүн экенин түшүнбөй жатат», — деди Алимова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM