Биз менен байланышыңыз

Мадумаровдун иши: Башпрокуратуранын сынга кабылган чечими

Саясат | 11 Фев 2022 | 2881 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Мадумаров аны толугу менен саясий куугунтук деп эсептөөдө. Кечээ парламентте Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун иликтеп чыгуу үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлдү. Алар бул ишти бир ай иликтеп, андан соң өз корутундусун парламенттин добуш берүүсүнө коёт. Мадумаровго тагылып жаткан айып жана окуянын саясий өңүтү боюнча серепчилердин пикирин тыңдадык.  

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча ушул жылдын январь айында бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берген. Ал «2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койду» деген кине менен тергелүүдө. Мадумаровдун жактоочулары ар бир сурагына коштоп барып, адилетүүлүктү талап кылып, бакырып турушкан.

«Мамлекетке чыккынчылык» беренеси Кыргызстандагы оор кылмыш иштерине кирет. Башкача айтканда башка мамлекеттин кызыкчылыгына иш кылган деген маанини түшүндүрөт.

Экс-депутат Эсенгул Исаков бийликтин өзүнө жакпаган саясатчыларга оор беренелер менен иш көзгөп, камакка алаган тажрыйба Кыргызстанда көп жылдан бери уланып, ооруга айланганын белгилеп, бул — өлкөнүн бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна коркунуч жаратып жатканын эскертти.

Анын пикиринде, эгерде Мадумаровго Төрт-Көчө тилкесиндеги протокол боюнча кылмыш иши козголуп жатса, анда кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча протокол түзгөндөрдүн баарына кылмыш иши козголуш керек.

«Кандай адам болболсун, ал чыгаан болобу же бийликке каршы болобу, маселе диалог менен чечилиши керек. Коомчулук кайсы тарап чын болсо, ошол тарапка сөзсүз тартат, ооп кетет. Ошондуктан, коомчулуктун өзүндө ар ким өз пикирин эркин айтканга конститкциялык укугу бар деген менен, акыркы 10-15 жылда мындай куугунтуктар башталып, азыр жаман ооруга айланып кетти. Мадумаров боюнча кыскача айтсам, анын протоколу кандай мааниге ээ? Протокол деген бул — жөн гана ниет. «Мындай кылсак болот» деген ой. Бирок, Конституцияда «чек ара боюнча маселелер Жогорку Кеңештин ратификациясын алып, андан кийин президенттин колу менен гана күчүнө кирет» деп жазылган. Мамлекеттин өзүнүн коопсуздугу ушунда турат. А Жогорку Кеңештен ратификациядан өтпөгөн протоколу менен, бүгүнкү күндө кылмыш-ишин көзгөш керек десе, анда чек ара боюнча протокол түзгөндөрдүн баарына иш козгош керек. Ал эми мындай тандалма болуп калганда, коомчулук өзү бөлүнүп-жарыла баштайт».

Протоколго кол койгон Адахан Мадумаровдун жоопкерчилиги Сооронбай Жээнбековдун, Садыр Жапаровдун президенттик мезгилинде көтөрүлүп жатат. Төрт-Көчөдөгү жер боюнча өкмөттүн атынан келишимге кол койгону айтылган Нурлан Сулаймановго иш козголбой жатканын көпчүлү сындап келет. Нурлан Сулайманов 2007-2010-жылдары Транспорт министри болуп иштеп турган.

Мындан сырткары аталган протоколго баланыштуу бир катар суроолор ачык бойдон калууда. Жалгыз гана Адахан Мадумаровго оор берене менен кылмыш ишинин козголушу, туура эмес кадам болгонун саясат таануучу Эмил Жороев айтат.

«Ал кишини чыккынчылык кылды» деп жоопко тартуу мыйзам жагынан мүмкүн эместигин далилдөө оңой эле болуп турат. Экинчи жагы, эгерде ошол протокол чындыгында одоно мыйзам бузуу менен туура эмес түзүлсө, ал маселени кайра-кайра козгоп, эң негизги планга коюп, ММКлар аркылуу байма-бай чагылдыруу кыргыз- тажик чек ара боюнча сүйлөшүү процессиндеги биздин позициябызды алсыздатып жатат. Эгерде, бийлик үчүн бул маселе жогорку мааниге ээ экендигин түшүнсө, анда буга өзгөчө маани берүү өтө чоң жаңылыштык деп эсептейм. Мамлекеттин ичинде болуп жаткан иштерди кандай гана нормага бекитпейли, кандай гана чечим чыгарбайлы, ал ошончолук мааниге ээ болуп калгандыгы, бизде талкуу жараткандыгы коңшу өлкө үчүн биздин ага өзгөчө маани берип жатканыбыздан кабар берет. Ал эми аталган протокол менен биздин бир жараныбыздын жоопкерчиликке тартылышы, коңшу өлкө үчүн эч кандай мааниге ээ эмес. Мамлекеттик чек ара маселелери бир кишинин колу коюлган протокол менен чечилбестиги баарына белгилүү».

Кылмыш мыйзамдарынын өзүнүн принциптери бар. Мөөнөтү өткөн окуяларга кылмыш иши козголбойт. Бирок мамлекеттин коопсуздугуна шек келсе же оор кылмыш болсо, анда кылмыштын мөөнөтү каралбайт.

«Мен үчүн азыр Мадумаровдун күнөөсү жок, тергөө аныктап, сот болгондон кийин гана күнөөлү же күнөөлү эмес деп айта алабыз» дейт саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

«Мадумаров бул берене менен канчалык кылмыш кылгандыгын азыр эч ким айта албайт. Эч ким Мадумаров «күнөөлүү» деп айта албайт, мен дагы айта албайм. Негизи соттун чечими чыкканга чейин Мадумаров болобу, башка болобу «күнөөлүү» деп айтууга укугубуз жок. Укуктук мамлекеттердин эң чоң принциби ушул, бул-конституцияда көрсөтүлгөн принцип. Ушундай иштерде этияттык менен мамиле кылыш керек, себеби, бул адамдын тагдыры. Ошондуктан мен үчүн азыр Мадумаровдун күнөөсү жок, тергөө аныктап, сот болгондон кийин гана күнөөлү же күнөөлү эмес деп айта алабыз. Ушуга көнүшүбүз керек».

Депутат Адахан Мадумаров бүгүн социалдык тармактан видео кайрылуу жасады. Анда аны Кыргызстанга «чыккынчылык» кулууга шектөө — адамкерчиликсиздиктин туу чоксу экендигин айтты.

«Ушул жалааны жабаардан мурда, кайсы жериңер менен ойлондуңар?! Бул дооматты коердон башта, кайсы акылыңар менен кеңештиңер? Койгон айбыңардын эч бири чындыкка жарашпай калат. «Уурдап алды, мыйзамсыз менчиктештирди, ишканаларды басып алды» десеңер эчким ишенбейт. Эмне болду? Абада калкып жүргөн, көзгө көрүнбөгөн нерсени айтуу керек болду. Бул -мамлекетке чыккынчылык кылуу. Эми муну ар кандай кылып чойсоң кете берет. Фашизмдин идеологдорунун бири Геблис айткандай, «жалган канчалык фантастикалуу болсо, ага ишенүү ошончолук оңой болот» деген принципти көздөп жатасыздар. Экинчи принцип, ошол эле Гебелстин айтканы, «ак-караны ажыратып билген, өз принцибинде турган, көз карашын бекем кармаган инсандарды гана жок кылуу керек. Калгандары айдаган койго айланат, башкаруу жеңил болот». Фашизимдин негизги идеологиясы ушул болгон, бирок аягы келип эмне менен бүткөнүн тарыхтан жакшы билебиз».

Мамлекетке чыккынчылык» беренеси боюнча Кыргызстанда буга чейин бир топ адамга кылмыш иши козголуп, соттолуп кеткендери болгон. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылмыштын бул түрүнө он жыл түрмө каралган.

Copyright © 2017 Maral FM