Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаров чыккынчылыкка айыпталууда

Саясат | 10 Фев 2022 | 1348 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сураган Башкы прокуратуранын каты талкууланды. Жыйынтыгында мыйзамга ылайык сунуш катты текшерип чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Алар бул ишти бир ай иликтеп, андан соң өз корутундусун парламенттин добуш берүүсүнө коёт. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.  

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сураган кат келип түшкөн. Аны Башкы прокуратура бергенин комитет төрагасы Медербек Алиев кабарлады.

«Бүгүн Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушу келип түштү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети чукул жыйынга чогулду. Башкы прокурор тарабынан депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуш түшкөндөн кийин Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде атайын депутаттык комиссия түзүү маселесин карашы керек».

«Жогорку Кеңештин реламенти жөнүндө» мыйзамдын 140-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, тармактык комитетке сунуш түшкөндөн кийин жетекчиси аны жалпы жыйынга алып чыгып, 48 сааттын ичинде депутаттык комиссия түзүлүүгө тийиш.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровдон чек ара протоколу боюнча маселени көтөрбөөнү суранды. Анын айтымында, Кыргызстандын ички иштерине башка күчтөр киришип жатат.

«Кыргызстанды бирөө «чала» баштады. Өткөндө да айттым эле, азыр да айтам. Жакында Башкы прокурор менен Камчыбек Ташиевдин тирешин көрөсүңөр. УКМК жарандарды уксун деген мыйзамга кечээ Башкы прокурор каршы чыкты. Аларды да «чалып» жатат. Урматтуу Талант Турдумаматович, сиз да куугунтук көргөнсүз; Исхак Абсаматович да куугунтук көргөн; ажобуз Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да түрмөгө жаткан. Мындан биз сабак алабызбы же жокпу? Токтом боюнча «пандоранын кутусун» ачпагыла! Эртең эле бирөөнүн башына тиет».

Депутат Адахан Мадумаров өзү комиссия түзүүгө каршы эместигин билдирип, баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтты. Ошондой эле ал өлкөдө карама-каршылыкты күчөтүүгө аракет кылган чоң күчтөр пайда болгонун белгиледи.

«Талап ушундайбы, комиссия түзүлүшү керек. Кандай форматта, кандай пирципте түзүлөт, баары бир түзүлүшү керек. Бирок башпрокурордун абийиринде болсун, бул заман тез эле өзгөрөт. Булут кетет, жаркыраган күндөр келет. Эртең ошол башпрокурор ушундай шылтоону айтат, «мен жок элем, орун басарларым ушундай кылып коюптур» деп. Азыр Балбак Зарлыкович айтып жаткандай, аябагандай чоң күчтөр пайда болду. Ошол карама-каршылыктарды болушунча күчөтүүгө аракет жасалып жатат. Мына ушундай абалга «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттарынын, мүчөлөрүнүн кабылганынын бирден-бир себеби — саясий гана көз караш. Бул жакшылыкка алып келбейт. Ар бир киши Жараткан маңдайына гана жазганын көрөт, пендеси эч нерсе жасай албайт. Боло турган иш болот. Ошондуктан комиссияны тез арада түзүп, комиссия адилеттүү чечим чыгарат деген үмүт менен ишти мындан ары карай уласак. Калган нерсе башпрокурордун абийирде калсын».

Эл өкүлү Өмүрбек Бакиров Мадумаровдун кайсы бир иште күнөөсү бар экенине ишенбей турганын билдирип, бирок буга чейин коомчулукта көтөрүлүп жүргөн протокол маселесине атайын түзүлгөн депутаттык комиссия чекит коёруна үмүттөнүп турганын айтты.

«Адахан Кимсанбаевичтин күнөөсү бар экенине мен деле ишенгим келбейт. Депутат Мирлан Самыйкожо атайын түзүлө турган депутаттык комиссияга абийирдүү, күн карама эмес депутаттарды сунуштоону суранды. Бирок биздин коомчулукта, социалдык тармактарда протокол маселеси көтөрүлүп калган, дагы деле талкууланып жүрөт. Мына ошол маселеге чекит коюу үчүн бизде мүмкүнчүлүк пайда болду. Биз уруксат бербесек, эч ким алып да кетпейт, жоопкерчиликке да тартпайт».

Талкуунун жыйынтыгында аталган маселе боюнча депутаттык комиссия түзүү чечими кабыл алынып, ага Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев жана Азамат Исраилов кирди.

Түзүлгөн комиссия бир айдын ичинде ишти иликтеп, Адахан Мадумаровдун күнөөсү бар же жок экенин аныктап, депутаттык комиссиянын корутундусун жалпы жыйынга алып чыгат. Аны камоого уруксат берүү же бербөө андан кийин гана депутаттардын жалпы добушу аркылуу чечилет.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров журналисттерге билдиргендей, ага «чыккынчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мадумаров аны толугу менен саясий куугунтук деп эсептейт.

Эске салсак, Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча буга чейин да бир топ жолу Башкы прокуратуранын тергөө кызматына сурак берген. Ал «2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Баткендин Төрт-Көчө тилкеси боюнча протоколго кол койду» деген кине менен тергелүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM