Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш: Башкы прокуратурадан Мадумаровду жазага тартуу сунушу түштү

Кыска кабар | 10 Фев 2022 | 603 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунуштамасы келип түштү. Аны Башкы прокуратура бергенин комитет төрагасы Медербек Алиев кабарлады.

«Жогорку Кеңештин реламенти жөнүндө» мыйзамдын 140-беренесинин биринчи бөлүгүнө ылайык, тармактык комитетке сунуш түшкөндөн кийин жетекчиси аны жалпы жыйынга алып чыгып, 48 сааттын ичинде депутаттык комиссия түзүлүүгө тийиш.

Бир катар талкуулардан соң, ишти иликтеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы атайын комиссия түзүлдү: Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов.

Copyright © 2017 Maral FM